Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Кадыр-барк (абырой)

КАДЫР-БАРК (АБЫРОЙ) – өзүн-өзү жана башка инсандын абыроюн сыйлоону түшүндүргөн адеп-актык түшүнүк. К-б. – ал кишинин кандай экендигине жана да анын чөйрөсүндөгү адамдардын кандай кабыл алып, кандай баа бергендигине карабастан, анын жеке өзүнүн ажырагыс бөлүгү. Эгер адамдын кадыр-баркы менен К-б-ына шек келтирчү маалыматты тараткан жак анын чындыкка туура келе тургандыгын далилдей албаса, арбир жаран аны сот аркылуу жокко чыгарууну талап кылууга акысы бар. Конституциялык укук боюнча, К-б. – мамлекеттин инсанга карата түпкүлүктүү мамиле негизи жана анын укугунун жогорку социалдык баалуулук катары кабылдашы. КР Конституциясына ылайык, КРде адам К-б-ы баажеткис, колтийгис жана кылмыш-жаза мыйзамдары менен корголот.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: